List Headline Image
Updated by Валентина Галич on Jul 31, 2017
 REPORT
16 items   1 followers   0 votes   165 views

Интерньюстун вебинарлары кыргыз тилинде

2015-2016-2017 жылдан баштап Интерньюс журналисттер жана медиа адистер үчүн кыргыз тилинде вебинарларды өткөрүп келет. Вебинар жаңы медиа чөйрөсүндөгү керектүү билимди жана жөндөмдү алууга, ой пикир менен бөлүшүүгө жана спикерлерге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн биз бир макалага кыргыз тилиндеги бардык вебинарлардын видеожаздыруусун чогулттук.

Вебинар «Радиопакетти кантип кызыктуу жасаш керек».

Вебинарды Би-Би-Синин кыргыз кызматынын редактору Кубат Чекиров алып барат.

Вебинар “Тайм-линия: Убакыт сызыгы: онлайн-тейлөөлөрдүн жардамы менен интерактивдүү материалдарды даярдоо"

Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун алдында түзүлгөн “Медиа мектептин” директору, журналист Асанбек Каракозуев өтөт.

Вебинар “Интернет сайттардагы жана коомдук тармактардагы маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү”

Вебинарды “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев өткөрөт. Ал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн атайын иликтөөлөрдү жасап келет.

Вебинар “Инфографика»: онлайн-сервистерди колдонуу менен интерактивдүү материалдарды даярдоо”

Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун алдында түзүлгөн “Медиамектептин” директору, журналист Асанбек Каракозуев өткөзөт.

Вебинар «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр”

Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун программалык директору, журналист Акылбек Орозматов өтөт.

Вебинар «Интерактивдүү контент түзүүнүн маанилүүлүгү. «Playbuzz» онлайн-платформасында иштөө ыкмалары”

Вебинарды “Ынтымак” КРТРКнын маалыматтык программаларынын башкы редактору, журналист Акылбек Орозматов өтөт.

Вебинар “ТВ жана онлайн үчүн журналисттик иликтөө жасоонун өзгөчөлүктөрү”

Вебинарды “Азаттыктын” теле-радио журналисти Уланбек Эгизбаев өткөрөт. Автордун “Ыңгайсыз суроолор” программасы КТРК аркылуу көрсөтүлуп келет.

Вебинар «Медиа адисттин ишинде маалыматтарды визуалдаштыруу: эмне үчүн керек жана аны кантип жасоо болот»

Вебинарды Capital.kg бизнес порталынын жана ушундай эле аталыштагы экономикалык тв-программанын негиздѳѳчүлѳрүнүн бири, теле-радио журналист Назгүл Коңурбаева ѳтѳт.

Вебинар «Сайтта жана Facebook тармагында окурмандарды тартуу үчүн кандай видеоконтент жасаш керек»

Вебинарды Kloop.kgнин кыргыз кызматынын редактору Элмурат Аширалиев алып барат.

Вебинар «Жамааттык ЖМКлар- интернет байланышы начар шарттардагы жаңы маалымат каналы»

Вебинарды “Суусамыр FM” жамааттык радиосунун директору, Кыргызстандагы жамааттык ЖМКларды өнүктүрүү боюнча медиатренер Айзада Калканбекова алып барат.

Вебинар “Иликтөөдөгү интервью. Генералдык интервьюнун өзгөчөлүктөрү”

Вебинарды IWPRдин Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку баш редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.

Вебинар "Коомдук жана журналисттик иликтоону даярдап жаткандагы укуктук айрым рисктер жонундо»

Вебинарды «Айкындуулук жана жоопкердүүлуккө медиа жана жарандык коомдун катышуусу» долбоорунун юристи Азамат Талантбек уулу алып барат.

Вебинар “Журналисттик иликтөөнүн этаптары: Иш-бөлмөдөн чыкпаган жана талаалык”

Вебинарды IWPRдын Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку башкы редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.

Вебинар “SMM-жүргүзүү: Интернеттеги социалдык медиа”

Вебинарды медиатренер, “Азаттык Медиа” ишканасынын журналисти, SMM боюнча тренер Сабыр Абдумомунов алып барат.

Вебинар “Журналисттик иликтөө: жанрдын өзгөчөлүгү, ТВ жана онлайн ММКларындагы иликтөөнүн айырмачылыктары. Гипотеза д...

Вебинарды IWPRдын Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку баш редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.

Вебинар «Лонгрид кантип жасалат?»

Вебинарды Kloop.kgнин журналисти Элмурат Аширалиев алып барат.